Бир сутка ичинде 73 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 2443

Окуялар тизмеги 01 Июл 2020 10:17
0 ой-пикир

Бир сутка ичинде 73 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 30, Чүй облусунан 13, Ош облусунан 1, Ош шаарынан 20, Нарын облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 7 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2443 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди ал.

Каратаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.