Атамбаевге коронавирус жугушуна бийлик кызыкдар болгон, — экс-президенттин жансакчысы

Окуялар тизмеги 01 Июл 2020 15:12
0 ой-пикир

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Атамбаевди жактаган тарабы УКМК нын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин билдирүүсүн таркатты.

Анда, мурунку президент Алмазбек Атамбаевге коронавирус жугушуна бийликтин кызыкчылыгы бар экендиги айтылат.

«Учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин мамилелери бузулгандан кийин Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугуна үч жолу коркунуч туулган. Мен анын жансакчысы катары УКМКга кошумча күч сурап кайрылса, эч кандай чара көрүлбөгөн» — дейт Сагымбаев.

Ошондой эле, ал Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгынын начарлашына карабай сот отурумундарына атайылап алып келип жаткандыгы белгилеген.

«Мен ооруп короновирустун белгилери бар экенин айтып, судьядан чара көрүүнү сурансам, айыптоочу тарап Алмазбек Атамбаевди менин жаныма отургузууга сунуш киргизди. Судья Марат Сыдыков карантиндеги талаптарды аткаруунун ордуна айыптоочу тараптын сунушун канааттандырды. Алмазбек Атамбаевге вирус жугуп калышына бийлик кызыкчылыгы бар экени ошондо эле билинип калган»,- деп айтылат билдирүүдө.

Канат Сагымбаев бул үчүн УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди, анын биринчи орун басары Талантбек Салиевди жана тергөө жетекчиси Самидин уулу Сагынбекти айыптаган.

Учурда Сагымбаевдин бул билдирүүсү боюнча УКМК эч кандай комментарий бере элек.

Эскерте кетсек, буга чейин Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү «ага атайылап коронавирус илдети жугузулган» деп билдиришкен болчу. УКМК бул дооматтарды да четке каккан.

Ал эми Атамбаевдин жансакчысы болгон Канат Сагымбаевге «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдарынын же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» беренелери боюнча айыптар тагылып жатат.

Ал тагылган айыптоолорду четке кагып, күнөөсү жок экендигин айтып келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.