Бекматов: Парламенттик шайлоонун так мөөнөтү 6-июлга чейин белгилүү болот

Окуялар тизмеги 30 Июн 2020 13:57
0 ой-пикир

Конституцияда Жогорку Кеңешке өтүүчү шайлоонун мөөнөтү так көрсөтүлгөн. Ага ылайык, иштеп жаткан чакырылыштын мөөнөтү бүткөн жылдын октябрь айынын биринчи жекшембисине белгиленет. Быйыл бул күн 4-октябрга туура келет. Бул тууралуу Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда парламенттин VII чакырылышын шайлоо мөөнөтү пандемиядан улам жылдырылар-жылдырылбасы белгисиз.

«Мыйзам боюнча шайлоо иштеп жаткан чакырылыштын мөөнөтү бүткөн жылдын октябрь айына белгиленет. Бул себептен быйыл 4-октябрда VII чакырылышка шайлоо өтүшү керек. Бирок «коронавирус пандемиясына байланыштуу анын мөөнөтү жылып кетиши мүмкүнбү?» деген суроо жаралууда. Бул президенттин чечимине ылайык болот. Анткени шайлоону өз убагында өткөрүү же жылдыруу боюнча атайын документ даярдалып, ал өлкө башчысына жиберилген. Президент бул документке 6-июлга чейин кол коюшу зарыл. Алдыда дагы бир жумадай убакыт бар. Ошондон кийин гана быйыл өтүүчү парламенттик шайлоонун так мөөнөтү белгилүү болот», — деди Бекматов.

Ал шайлоо мыйзамда көрсөтүлгөн убактысында өтө турган болсо, бардык санитардык эрежелер сактала тургандыгын кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.