Премьер-министр юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Окуялар тизмеги 29 Июн 2020 11:59
0 ой-пикир

Премьер-министри Кубатбек Боронов юристтерди кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Юристинин күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

«Кымбаттуу юристтер! 

Кыргыз Республикасынын юристинин күнү – кесиптик майрамыңыздар менен чың жүрөктөн куттуктоого уруксат этиңиздер. 

Юристтер укуктук мамлекетти чыңдоого, жарандардын конституциялык укуктарын коргоого, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү ишинде өзгөчө мааниге ээ. 

Юристтердин иши адамдардын тагдыры үчүн чоң жоопкерчилик менен байланышкан жана коомдогу мыйзамдуулук менен адилеттүүлүктү камсыз кылууга багытталган. 

Юристтердин жардамы менен өлкөдө укуктук калыстык калыптанып, жарандардын тең укуктуулугу, коомдогу укуктук тартип камсыздалып, мыйзамдардын аткарылышы бекем сакталууда. 

Юристтер ар дайым өздөрүнүн жогорку компетенттүүлүгү жана кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы менен айырмаланып келишкен. 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чың дилибизден куттуктайбыз! Сиздерге чың ден соолук, бакубаттуулук жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылууда элдин алдындагы ишиңерге ийгиликтерди каалайбыз!».

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.