Некролог — Бакыт Карагулов

Окуялар тизмеги 28 Июн 2020 11:48
0 ой-пикир

Кыргыз улуттук маданияты орду толгус оор жоготууга учурады.

2020-жылдын 27-июнунда 70 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, элибиздин белгилүү кинорежиссеру, сценарист, публицист, «Кыргызфильмфондусунун» директору Карагулов Бакыт Назаркулович катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Бакыт Карагулов 1950-жылы 12-августта Фрунзе (Бишкек) шаарында жарык дүйнөгө келген. 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1977-1979-жылдары Москвада Жогорку режиссердук курста атактуу режиссер Александр Миттанын өнөрканасында окуган. Анын дипломдук иши «Ээрде олтур» (1981) кыска метраждуу тасмасы болгон.

Б. Карагуловдун кинорежиссер катары алгачкы ийгилиги «Айдагы жезкемпир» (1985) толук метраждуу көркөм фильми 1985-жылы Кыргызстандын борборунда өткөн Бүткүл Союздук «Жомок» кинофестивалында атайын байгеге ээ болгон.

Бакыт Карагулов 1979-2000-жылдары тарткан «Токтогулдун урпактары», «Биринчи генерал», «Тынчы жок күндүн жылдары», «Айылдагы фабрика», «Миндаль качан гүлдөйт», «Атчандын көлөкөсү» ж. б. даректүү тасмалары менен мыкты документалист катары да таанылган.

Бакыт Карагуловдун кинематографиядагы ишмердүүлүгүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы өзгөчө орунду ээлеген. Карагулов залкар жазуучунун адабий чыгармаларын ийгиликтүү экрандаштырып, көрүүчүлөрдүн сынына: «Келгин куштун ыйы» (1990, «Бетме-бет» повестинин негизинде), «Бороондуу бекет» (1995, Берлинде эл аралык кинофестивалда алтын камерага татыктуу болгон — 1996), «Саманчынын жолу» (1996, «Саманчынын жолу» повестинин негизинде), «Найман эненин ыйы» (2004, «Кылым карыткан бир күн» романындагы «Дөнөнбай куш» уламышынын негизинде) сындуу керемет тасмаларды тартуу кылган.

2018-жылы Бакыт Карагулов Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Айтматовдун ааламы» аттуу көп метраждуу даректүү фильмин тарткан. Ал Кинематография департаментинин коллегиясында 2018-жылдагы мыкты фильм деп таанылган.

Режиссердун соңку фильми Апрель революциясынын 10 жылдыгына арналган «Менин жалгыз мекеним бар — ал Кыргызстан» деп аталган. Фильмде кыргыз элинин тарыхы, ошондой эле көз карандысыздык алгандан кийин 2010-жылдагы окуяларга чейинки тарыхый окуялар чагылдырылган.

Бакыт Карагулов бир нече жылдар бою Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» Улуттук киностудиясын үзүрлүү жетектеген. Кыргызстан кинематографисттер бирлигинин мүчөсү болгон. Кыргыз киноискусствосуна сиңирген зор эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери», «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» деген ардактуу наамдарга ээ болгон.

Жаркын инсан, чыгаан режиссер, сценарист, публицист Бакыт Карагуловдун жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, К. А. Боронов, А. Ж. Исмаилова, Д. А. Эсеналиев, С. Шер-Нияз, К. К. Иманалиев, А. К. Жаманкулов, С. А. Раев, К. Б. Базарбаев, Ж. У. Саралаева, Б. Жакиев, Т. Т. Казаков, К. О. Иманалиев, М. А. Бектеналиев, А. А. Акматалиев, М. Т. Байжиев, Ж.Сейдакматова, З. А. Үсөнбаев, Г. С. Базаров, М. М. Мусаев, К. А. Абдыкулов, А. А. Абдыкалыков, А. Арым Кубат, М.Ү. Алышпаев, Г. А. Ажибекова, М.Сарулу, Р. Т. Айтматова, Э. Ч. Айтматов, А.Ү. Дайырбеков, А. М. Жангазиев, Б. К. Одуракаев, Ш. З. Касымалиева, Э. А. Абдыжапаров, Т. М. Бирназаров ж. б.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.