Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Окуялар тизмеги 27 Июн 2020 09:16
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Владимир Путин Сооронбай Жээнбековдун Москвага келгенине ыраазычылыгын билдирди жана аскер парадына катыша албай калгандыгын өкүнүү менен белгиледи.

Владимир Путин Жеңиш парадынын катышуучуларынын катарында өз өлкөсүн татыктуу көрсөткөн Кыргызстандын аскер кызматкерлерине дагы ыраазычылыгын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарындагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга катышууга чакыруу үчүн ыраазычылыгын айтты.

Аскер парадына катышуудан баш тартуу чечими эң биринчи кезекте ардагерлер менен чет элдик делегация башчыларынын саламаттыгына кам көрүү менен шартталганын белгиледи.

Ошону менен бирге кыргызстандыктар Москванын Кызыл аянтында Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунун аскерлери жеңишке жетишкен ата-бабаларындай болуп параддан өткөндөрүнө чоң кызыгуу жана сыймыктануу менен көрүшкөнүн белгиледи.

Эки мамлекет жетекчилери стратегиялык өнөктөштүктү жогорку деңгээлде колдоо боюнча макулдашышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.