Кинорежиссер Бакыт Карагулов коронавирустан көз жумду

Окуялар тизмеги 27 Июн 2020 16:33
0 ой-пикир

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, кинорежиссер Бакыт Карагулов 70 жаш курагында көз жумду. Бул маалыматты коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, кинорежиссер СOVID-19 инфекциясынан улам каза болгон. Суук кабарды Кинематографисттер союзу да тастыктады.

Карагулов 1950-жылы 12-августта Фрунзеде төрөлгөн. Ал режиссер катары «Куш өмүр» («Бетме-бет» чыгармасынын негизинде), «Найман эненин ыйы» же «Маңкурт», «Бороондуу бекет» жана башка тасмаларды тарткан. Ага Кыргыз эл артисти наамы ыйгарылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.