Каныбек Осмоналиев үй камагына чыкты

Окуялар тизмеги 27 Июн 2020 13:16
0 ой-пикир

Абакта отурган Жогорку Кеңештин экс-депутаты, экс-министр Каныбек Осмоналиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Жактоочунун айтымында, Каныбек Осмоналиев 26-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Учурда ал үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Бир нече күн мурда Каныбек Осмоналиев коронавируска ПЧР-анализ тапшырган. Адвокаттын айтуусунда, азырынча анализдин жыйынтыгы чыга элек. Экс-депутат дене табы көтөрүлүп, абалы начарлаганына байланыштуу “Тез жардам” чакыртылган.

Каныбек Осмоналиев быйыл 2-мартта Бишкекте камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингди алып барган. Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. 170ке жакын адам кармалып, Осмоналиев менен кошо дагы үч кишини камакка алынган.

Каныбек Осмоналиевге Кылмыш кодексинин 309-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү”) боюнча айып тагылып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.