ФОТО: Депутат Дастан Бекешев велосипед менен Ысык-Көлгө жөнөдү

Окуялар тизмеги 26 Июн 2020 18:25
0 ой-пикир

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Ысык-Көлгө чейин велосипед менен барууну көздөп, жолго аттанды. Бул тууралуу эл өкүлү Твиттердеги баракчасы аркылуу билдирди.

Белгилей кетсек, депутат 2 жыл мурун Ысык-Көл аймагына веложүрүш жасап, Боом капчыгайына гана жеткен. Бул ирет Бекешев Чолпон-Ата шаарына жетем деп максат койду.

Спортчулардын айтымында, Ысык-Көлгө чейин велосипед менен ийгиликтүү жетүү велосипедчинин даярдык деңгээлине жана ден-соолугуна жараша болот. Бул үчүн жакшы физикалык абал, жакшы тамактануу, суусундуктарды ичүү, велосипед жана аны пайдалануу тууралуу базалык нерселерди билүү керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.