Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Ысык-Көлгө чейин велосипед менен барууну көздөп, жолго аттанды. Бул тууралуу эл өкүлү Твиттердеги баракчасы аркылуу билдирди.
Белгилей кетсек, депутат 2 жыл мурун Ысык-Көл аймагына веложүрүш жасап, Боом капчыгайына гана жеткен. Бул ирет Бекешев Чолпон-Ата шаарына жетем деп максат койду.
Спортчулардын айтымында, Ысык-Көлгө чейин велосипед менен ийгиликтүү жетүү велосипедчинин даярдык деңгээлине жана ден-соолугуна жараша болот. Бул үчүн жакшы физикалык абал, жакшы тамактануу, суусундуктарды ичүү, велосипед жана аны пайдалануу тууралуу базалык нерселерди билүү керек.