ЖКнын дагы эки депутатынан коронавирус табылды

Окуялар тизмеги 25 Июн 2020 14:51
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин дагы эки депутатынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, инфекция жуктурган депутаттардын ысымдарын атоого болбойт. Себеби, бул алардын жеке өзүнө тиешелүү маалымат. Ооругандардын баардыгы обочолонгон.

Белгилей кетсек, буга чейин эки депутаттан жана аппараттын төрт кызматкеринен коронавирус аныкталганы айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.