Милиция кызматкерлерине компенсация төлөө чечими кабыл алынды

Окуялар тизмеги 25 Июн 2020 13:47
0 ой-пикир

Өзгөчө абал шарттарында милдеттерин аткарган аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине компенсациялар төлөнөт. Тиешелүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бул чечим КР өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 639 токтому менен бекитилген Кыргызстандын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жобонун 7-пунктун ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.