Интернетти көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбооруна 10 депутат гана каршы добуш берди. Алар кимдер?

Окуялар тизмеги 25 Июн 2020 23:37
0 ой-пикир

Бүгүн Жогорку Кеңеш «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» талаштуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алды. Ага 79 депутат “макул”, ону “каршы” деген добуш берди. Эми мыйзам долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Кабыл алынган Мыйзам жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды Интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталган. Ошондой эле интернет мейкиндигинде маалымат жайылтууга байланышкан укуктук мамилелерди: укуктук мамилелердин субъектилерин, ыйгарым укуктуу органдын жөнгө салуу учурундагы функцияларын, Интернет провайдерлери менен колдонуучуларынын укуктары менен милдеттерин аныктоо, Интернетти колдонуу учурундагы юридикалык жактан маанилүү иш-аракеттер жасалган жерди жана убакытты аныктоо эрежелерин белгилөө жолу менен жөнгө салуу мыйзамдын милдети болуп саналат.

Демилгечи депутат Гүлшат Асылбаева мыйзам жарандарды интернетте жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоого багытталганын айтып:

«Сөз эркиндигине жана жарандын өз оюн айтуусуна эч кандай чектөө жок», — деп ишендирди.

Талкуу маалында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө депутаттар Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Элвира Сурабалдиева, Наталья Никитенколор үндөштү.

Белгилей кетсек, мыйзам долборру талкулоо учурунда Ак үйдүн алдына интернетти көзөмөлдөөгө каршы чыккан жарандар, активисттер митингге чыгышты. Жарандык активисттер «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун сөз эркиндигине карата басым катары баалашууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.