«Инстаграм» аркылуу ымыркай саткандар кармалды

Окуялар тизмеги 25 Июн 2020 09:41
0 ой-пикир

Иранда «Инстаграм» аркылуу жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатууга аракеттенген жарандар колго түштү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Тегеран полициясынын билдирүүсүнө караганда, 23-июнда 20 күндүк жана эки айлык ымыркайларды алып жүргөн 3 киши кармалган. Алар наристелерди кедей бүлөлөрдөн “бир аз акчага” сатып алышканын айтып беришкен.

Полиция балдар мамлекеттик социалдык мекемеге өткөрүлгөнүн, ата-энелери аныкталганын маалымдады.

Тегеран полициясы акыркы күндөрдө Интернет аркылуу балдар менен соода кылгандарды жоопко тартуу чакырыктары катардагы жарандар тарабынан көбөйгөнүн кошумчалады.

Мындан мурун тартип коргоочу органдар Горган чөлкөмүндө ымыркайларды саткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдиришкен. Төрт аял жана бир эркек колунда жок аялдардын төрөтканадагы чыгымдарын көтөрүп, жаңы төрөлгөн балдарды алып турушкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.