ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси ИИМдин БМЖКККга химиялык реагенттерди жана жабдыктарды тапшырды

Окуялар тизмеги 25 Июн 2020 18:05
0 ой-пикир

Бүгүн, 25-июнь күнү Европадагы коопсуздук жана кызматташтук уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсеси ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына (БМЖККК) химиялык реагенттерди жана жабдыктарды тапшырды.

ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, иш-чарага Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскердик-саясаттык департаментинин жетекчиси Александр Елисеев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Сергей Сизов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин кеңешчиси Шамшыбек Мамыров, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын башчысы Айдар Шигаев катышты.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Кыргыз Республикасындагы баңги кылмыштуулугу менен күрөшүүгө кошкон салымы үчүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташтык көп жылдардан бери уланып жаткандыгын билдирди.

«Баңги кылмыштуулугу азыркы учурда баңги каражаттарын даярдоодо заманбап ыкмаларды колдонуп жатат. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги материалдык-техникалык камсыздоого өзгөчө көңүл бурат. Бүгүн тапшырылып жаткан химиалык реагенттер менен жабдыктар криминалистикалык экспертизаларды натыйжалуу жүргүзүүгө жардам берет. Ошондуктан бул Кыргыз Республикасынын аймагында гана эмес, бүткүл региондордо дагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштуулуктун жаңы заманбап түрү менен күрөшүүдөгү негизги чаралардын бири болот», — деди министрдин орун басары.

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскердик-саясаттык департаментинин жетекчиси Александр Елисеев иш-чарага Элчи, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркстын атынан катышып жатканына кубанычта экендигин билдирди.

«Кыргызстандагы ЕККУнун миссиясы ачылган күндөн баштап, өзүнө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу кылмыштуу ишмердүүлүктү камтыган улуттар аралык коркутууларга каршы аракеттенүү максатында коопсуздук көйгөйлөрү боюнча тараптар менен жигердүү кызматташууну колго алды. ЕККУ Кыргыз Республикасы тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүгө багытталган аракетин жогору баалайт. Тилекке каршы, акыркы жылдары бүткүл дүйнөдө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү абалы күндөн-күнгө оорлошууда. Бул шарттарда эл аралык кызматташтык актуалдуулугун жоготпой, күчөтүлүүдө. Бул чөйрөдө биз бирдиктүү күч-аракеттерибиз менен гана абалды жакшырта алабыз. Аталган техникалык колдоо Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын криминалистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жана алынган баңгизаттардын түрүн аныктоодо мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, аталган чөйрө менен күрөшүүдө маанилүү бөлүгү болуп берет. Андан сырткары, илимий кадам ката кетирүүнү алдын алат. Жалпысынан алганда укук коргоо тутумунун ачык-айкындуулугун жогорулатып, кызматкерлердин ишмердүүлүгүн мындан дагы натыйжалуу жана профессионалдуу кылууга шарт түзөт», — деп белгиледи Елисеев.

Сөзүнүн аягында ал ИИМ менен мындан ары дагы ийгиликтүү кызматташуу ниетин билдирип, бирдиктүү пландардын аткарылышын каалап кетти.

Андан соң, Ички иштер министрлигинин орун басары Мирлан Каниметов өлкөдө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине ИИМдин атынан ыраазычылык кат тапшырды. Өз кезегинде Александр Елисеев тапшырылып жаткан лабораториялык жабдыктардын жана химиялык реагенттин символикалык сертификатын берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө, А. Елисеев, М. Каниметов тапшырылып жаткан мүлктөр менен таанышып чыгышты. ИИМдин Криминалисттик борбордун бөлүмүнүн кызматкерлери жабдыктарга кыскача техникалык мүнөздөмө беришти. Андан кийин конокторду Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышып, БМЖКККнын химиялык лабораторияны, компьютердик классты, тир менен спорттук залды көрсөтүштү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.