Аркадий Дубнов: Кыргызстанда мурдагыдай эле акча менен күчтү сыйлашат

Интервью, Окуялар тизмеги, Статьялар 25 Июн 2020 20:58
0 ой-пикир

Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл эки айга кести. Сот ал кездеги президент кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууда «коррупцияны уюштурган» деп тапты.

Сот процессин адилеттүү болбогондугун Орусиянын белгилүү саясат тануучусу Аркадий Дубнов «Настоящее время» телеканалына билдирген. Анын аталган телеканалга берген маегин сунуштайбыз.

— Аркадий мырза, мурунку президент Алмазбек Атамбаев түрмөгө отуруп калабы же доо арыз бир нерсени өзгөртүшү мүмкүнбү?

— Биринчиден, ал ансыз деле көптөн бери түрмөдө отурат. Экинчиден, менимче, түрмөдө эле кала берет. Бул жерде башкы суроо, дагы канча отурушу мүмкүн? Албетте, мен Атамбаев 11 жыл эки ай түрмөдө камалып жатпайт деген ишеничтемин. Анткен менен ушул тапта Кой-Таштагы окуялар боюнча дагы сот жараяны күтүлүп жатат. Ал иш боюнча «адам өлтүрүү» жана «барымтага алуу» деген олуттуу айыптар коюлушу мүмкүн. Ошондуктан, азырынча бир нерсе айтууга эрте жана биз бул жараян кандайча уланарын көрөбүз. Менин экс-президент Атамбаевге канчалык ишенбөөчүлүк көз карашта экениме карабай, бул жараян чындыгында адилеттүү жана жөндүү болду деп эсептебейм.

— Эмне үчүн соттун чечими адилетсиз жана жөндүү эмес деген ойдосуз?

— Биринчиден, бул бир гана Кыргызстанга эмес, жалпы эле биздин чөлкөмгө, мурдагы Советтер Союзунун аймагына, биринчи кезекте Орусияга мүнөздүү көрүнүш. Жазанын баасы девальвация болуп кетти. Бул сот процессин алганда деле, ийне-жибине чейин иликтенип, далилденбеген иш үчүн 11 жылга эркинен ажыратуу — өтө көп. Мен «мыйзамдагы ууру» аталган кримтөбөлдү бошотууга «Атамбаев жеке өзү буйрук бергени» тууралуу айтып жатам. Мамлекет башчы жеке өзү ушундай иштер менен алектенбегенине ишенем.

Экинчиден, мен дагы бир жолу кайталайм, мен Атамбаевге абдан скептикалык көз караштамын. Учурунда мен андан маек алуудан да баш тарткам. Анткени ал Кыргызстандын беделине, анын демократиялык аброюна чоң сокку уруп, бул мамлекеттин демократиялык өнүгүүсү үчүн колунда болгон ресурсунун баарын ушалап, чачып салды.

Бүгүн күбө болуп жаткан окуялар кайсы бир деңгээлде өч алуу сыяктуу көрүнөт. Саясий, кландык же жеке өч алуу. Анткени бул иштеги 19 айыпталуучунун ичинен мурдагы президент гана иш жүзүндө эркинен ажыратылды. Мурдагы баш прокурор дагы айып пул менен кутулду окшойт. Бир гана адам күнөөлүү болуп, 11 жылга кесилип, ал эми ишти аткаргандар, мыйзамдагы уурунун бошотулушуна тиешеси барлар жеңил эле кутулуп кетишеби?

— Мурдагы президенттерин куугунтуктоо бул кыргыз менталитетинин өзгөчөлүгүбү?

— Кыргыздардын менталитетинин өзгөчөлүгү, менимче өлкө элинин адилетсиздикти курч сезгенинде деп айтар элем. Алар адилетсиздикти жасагандарды кечиктирбей дароо айыптаганга даяр. Алар күнөөлүү бийликти кандай болсо да кулатышат.

Тилекке каршы, андай аракет адилетсиздикти, коррупцияны же непотизмди тамырынан бери жогото албай келет. Анан ошол эле адилетсиз система тез эле кайра калыбына келип жатат.

Карасаңыз, азыр биз көрүп тургандай, эгемен Кыргызстандын төрт президентинин үчөө кылмышкер болуп чыкты. Үчөө тең эл душманына айланып, бул расмий таанылды. Болгону мамлекеттин өткөөл президенти Роза Отунбаева өз өлкөсүндө тынч жашай алат. Анткени ага эч ким айып тага албайт. Бул эмнени билдирет? Бул демократиялык өнүгүүнүн чыныгы кыймылдаткычы болгон түпкүлүктүү нерселер жеңишке жетпей жатат дегенди билдирет. Мунун себеби демократиялык аң-сезимдин өнүкпөгөнүндө, укуктук системаны сыйлабагандыкта жатат. Кыргызстанда мурдагыдай эле акча менен күчтү сыйлашат. Бул постсоветтик аң-сезимге мүнөздүү көрүнүш. Ал эми Кыргызстанда ал даана байкалып турат.

— Атамбаев постсоветтик аймакта түрмөдө отурган жана кесилген мурунку биринчи лидер болуп калганы прецедентпи? Бул окуя чөлкөмдүн башка өлкөлөрү үчүн канчалык маанилүү?

— Биринчиден, бул абдан маанилүү. Бирок көрүп турасыңар го, бир гана Кыргызстан бизге бийликке болгон ишенимдин жоктугун ашкерелеген прецедент көрсөтүп жатат. Алар эки жолу тең революция менен аяктап, бирок анын натыйжасы бийликти сыйлоону, укукту сактоону камсыз кылган жок. Бийлик өзү да элдин ишенимин жоготуу үчүн бардыгын жасады. Атамбаев мамлекет башчы болуп турган алты жылда жасаган иштери акылга сыйбайт. Ал өз оппоненттерин маскаралап, коңшулары менен болгон конструктивдүү мамилени тебелеп-тепседи.

Назарбаевди президенттик шайлоодо өз партиясынан чыккан талапкердин атаандашын колдойт деп шектенип, Казакстан менен мамилени бузуп салганы эле эмнеге татырлык. Мына ушундай кадамдары Атамбаевге болгон мамилени өзгөрттү. Ал өз колу менен өзүнө аң казды деп эсептейм. Бирок азыр болуп жаткан көрүнүш туура эместей.

Кыргыз соту популизмдин туткунунда калды. Бардык күнөөнү оодарып сала турган жогорку даражадагы аткаминер табылышы керек эле. Жакында эле коррупция иши боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 18 жылга кесилди. Бул жаш өкмөт башчыга жемкорлук боюнча айып тагууга мүмкүн болчу. Бирок аны 18 жылга эркинен ажыратуу деген эмне!

Түшүнүп жатасыңарбы, эгемендиктин баркын билбеген кыргыздарга адам өмүрүнүн баасы да төмөн болуп калды. Бул Кыргызстанда укуктук аң-сезим өнүгө электигинин белгиси.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.