Ой тобоо… Депутаттар үч саатта 24 мыйзам долбоорун жактырышты

Окуялар тизмеги 24 Июн 2020 21:54
0 ой-пикир

Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары түшкү тыныгууга чейин 24 мыйзам долбоорун талкуулап, жактырып коюшту. Бул тууралуу Twitter баракчасына депутат Дастан Бекешев жазды.

​»Түшкө чейин 24 мыйзам долбоору каралып, жактырылды. ТВ, түз эфир жок болсо көбүнүн чыгып сүйлөгүсү келбейт экен», — деп жазган Бекешев.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын төрт кызматкеринен COVID-19 илдети аныкталганына байланыштуу парламенттин 24-25-июндагы жыйындары түз эфирде чагылдырылбайт жана ага журналисттер киргизилбейт деген чечим кабыл алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.