Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары түшкү тыныгууга чейин 24 мыйзам долбоорун талкуулап, жактырып коюшту. Бул тууралуу Twitter баракчасына депутат Дастан Бекешев жазды.
»Түшкө чейин 24 мыйзам долбоору каралып, жактырылды. ТВ, түз эфир жок болсо көбүнүн чыгып сүйлөгүсү келбейт экен», — деп жазган Бекешев.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын төрт кызматкеринен COVID-19 илдети аныкталганына байланыштуу парламенттин 24-25-июндагы жыйындары түз эфирде чагылдырылбайт жана ага журналисттер киргизилбейт деген чечим кабыл алынган.