Сооронбай Жээнбеков жана Шавкат Мирзиёев Москвадагы парадга барышат

Окуялар тизмеги 23 Июн 2020 11:15
0 ой-пикир

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 24-июнда Москвада экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата өткөрүүчү аскер парадына барат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн президентинин аппаратынан тастыкташты.

Иш сапары Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен ишке ашып жатканы белгиленген.

Мирзиёев Орусияга 23-июнда барып, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да Москвага бара турганын президенттин басма сөз катчысы кабарлаган.

Ал эми Түркмөнстан, Армения жана башка бир катар мамлекеттердин башчылары коронавирус пандемиясынан улам Москвадагы парадга баруудан баш тартышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.