Москва кошуналарына аймактык дооматы бар экенин четке какты

Окуялар тизмеги 23 Июн 2020 08:44
0 ой-пикир

Москва мурдагы Советтер Союзундагы республикаларга аймактык дооматы бар экенин четке какты. 22-июнда Россиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Россиянын кошуналарга эч кандай аймактык дооматы жок» деп билдирди.

Белгилей кетсек, анын алдынкы күнү Путин «Россия-1», каналындагы интервьюда Советтер Союзу түзүлгөндө бир топ республикалар «Россиянын далай жерин алышканын», СССР ыдыраганда ошол «белектерди кошо ала кетишкенин» айткан. Мамлекет башчысы кайсы республика, кайсы жерди кеп кылганын тактаган эмес. СССР түзүлгөндө андан чыгуу укугу жазылганын, бирок процедурасы иштелип чыкпаганын белгилеген.

Интервьюда Путин Крымдын 2014-жылы Россияга кошулуусу «жарым аралдын калкынын демократиялык тандоосу болгонун» дагы бир жолу кайталаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.