Коронавирус бар

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 23 Июн 2020 13:24
0 ой-пикир

Буга чейин кыргызстандыктардын көбү коронавирус бар экенине ишенбей келишкен. Көпчүлүк “Бул илдет менен ооруган тааныштарың барбы?” деген суроону берип келишкен. “Жок” деген жоопту уккандар “көрдүңбү” деп маашырланып, мыйыгынан күлүшү.

Эми вирусту жуктуруп алгандардын саны көбөйүп, телевизордон жана YouTube аркылуу чыккан тааныштарын четинен билип башташты. Акыркы күндөрү Бишкек шаарынын мэри, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик кызматтардын, Улуттук банктын, уюлдук компаниялардын кызматкерлери, белгилүү блогерлер жана журналисттер ооруп башташты.

Вирус жуктуруп алгандардын көбү анын кайдан жана кантип жуктуруп алганын билбегени эң башкы коркунуч бойдон калууда. Адамдар ооруну коомдук транспорттонбу, базарданбы, соода борборлорунанбы же жумуштанбы, айтор кайдан жуктуруп алганын билишпей убара.

Бул COVID-19 вирусун бардык жерден жугузуп алуу мүмкүн дегенди билдирет.

Бишкек шаары өзгөчө кооптуу аймак болууда. Биринчиден, баш калаада башка аймактарга караганда калк жыш жайгашкан, экинчиден, адамдардын жоопкерчиликсиз мамилеси дагы буга себеп. Эгерде коронавирус күчөй бере турган болсо, анда Өкмөттүн иши оорлошуусу ачык болуп калды.

Абылгазиев убагында отставкага кетиптир, болбосо аны пандемияга даяр эмес болчусуң деп дагы “тепкилешмек”. Учурдагы абал башкаруу системасындагы системалуу каталардан кабар берет.

Биринчиден, аткаруу бийлиги вируска каршы турууга даяр экенин айтып келген. Ал эми иш жүзүндө тесттер, медиктер үчүн коргонуучу кийимдер жетишсиз экени, себеби Финансы министрлиги убагында каржылабай койгонунан улам тиешелүү каражаттарды керектүү өлчөмдө сатып алышпаганы белгилүү болду. Бактыгүл Жеенбаева COVID-19 вирусу тез жайылып кетерин билген жок дейли. Ал эми Абылгазиев болсо учурунда талап кылган эмес. Өкмөт үйүнүн алдында мурдагы премьер-министрди узатып жатканда түшкөн сүрөт Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдарынын эскертүүсүнө аткаминерлер кандай мамиле кыларынан кабар берди десек болот.

Экинчиден, Европадагы көпчүлүк өлкөлөрдө жана Россияда коронавирус жуктуруп алган биринчи бейтап катталганда дароо карантин киргизишкен жок. Вирус жуктуруп алгандар көбөйгөндө гана баарын үйдө отургула дешти, мектептерди, соода борборлорун, кафе-ресторандарды жабышып, коомдук транспорттун ишин токтотушту.

Кыргызстанда болсо баары тескерисинче болду. Вирусту жуктуруп алгандардын саны жүзгө жеткенде эле өлкө эли үйүнөн чыкпай камалып отурду, ал эми көчөлөр хлор менен тазаланып жатты. Тескерисинче ооругандардын саны көбөйүп баштаганда өзгөчө абалды алышып, бардык жакты ачып коюшту. Калкты кол кезеп эле коркутуп, санитардык эрежелерди сактабагандарды көзөмөлгө алуучу чыныгы курал ойлоп табылган жок.

Натыйжада азыр Республикалык штаб жана Өкмөт тезинен кандайдыр бир карантиндик чараларды киргизүүгө аргасыз болууда, мисалы, коомдук транспорттун кыймылына чектөөлөрдү киргизүү. Айрым ишкерлер кайрадан аралыктан иштөөгө өтүштү ж.б. Бирок кайрадан элди үйгө отургузуу азыркы абалда алда канча оор.

Ошондуктан калктын көбү ооруп, коллективдик иммунитет иштелип чыгышын же вакцинаны күтүү гана калды. Анан албетте, социалдык аралыкты сактап, колду жууп, беткап тагынып, конокко барбай туруубуз керек.

Elgezit.kg редакциясы.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.