Кыргызстанга Корея, Япония жана Филиппинден 19 адам кайтып келди. Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, кыргыз жарандары Токио, Манила жана Сеул шаарларынан «Air Astana» казак авиакомпаниясы менен кайтышкан. Алар Алматы шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, Бишкек шаарына атайын транспорт менен алынып келинди.
Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.
Чет мамлекеттердеги кыргыз жарандарын үйлөрүнө кайтаруу, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен аларды алып чыгууну аракеттери улантыларын министрлик кошумчалады.