Беткапсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрү 140 миң сом айып төлөштү

Окуялар тизмеги 23 Июн 2020 13:53
0 ой-пикир

Өкмөт мүчөлөрү беткасыз жүрүп санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн айып пулду төлөштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык Санэпидкөзөмөл борборунан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аралыкты сактабай жана беткапсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрү жалпы 140 миң сом төлөштү. Бардыгы болуп 28 аткаминерге айып салынды.

Алардын арасында премьер-министр Кубатбек Боронов, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, бөлүм башчылар жана башкалар бар.  Алардын ар бири 5 миң сомдон айып төлөштү. 

Эске салсак, буга чейин Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып беткап режимин бузгандыгы үчүн айыппул төлөөсүн талап кылган.

Президент «бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, бул илдет жок» деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр бул оорунун бар экендигинен күмөн саноого түрткү болуп жатканын белгилеген.

«Буга кошумча, өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, беткапсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат», — деген президент айыппул салууну талап кылгын эле.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.