Жогорку Кеңеште 5 адамдан коронавирус табылды, экөө — депутат

Окуялар тизмеги 22 Июн 2020 17:28
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын үч кызматкеринен  COVID-19 вирусу табылды. Бул тууралуу өзү да илдетке чалдыккан парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди. 

Анын айтымында, беш депутат коронавируска кабылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. 

«Инфекция жуктурган депутаттар жана Аппарат кызматкерлеринин ысымдарын атай албайбыз. Себеби, бул алардын жеке өзүнө тиешелүү маалыматы. Алардын айрымдары алыста жашаган туугандарын, ата-энелерин кабатыр кылгысы келбейт. Ооругандардын баардыгы обочолонгон. Соңку кырдаал Жогорку Кеңештин ишине азырынча таасир бербейт. Ошону менен бирге Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери толук ПЦР-текшерүүдөн өтүп бүтө элек», — дейт басма сөз кызматынын жетекчиси. 

Буга чейин, 24.kg сайты эс алуу күндөрү жетимишке жакын депутат анализ тапшырганын, вирус КСДП фракциясынын 3, «Бир бол» фракциясынын бир мүчөсүнөн жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан бир депутаттан табылганын жазып чыккан эле.

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдиновдон жана басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунан коронавирус илдети аныкталган. Экөө тең дарыланып жатат. Дагы бир депутат, “Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да коронавируска чалдыкканын айрым ЖМКлар кабарлады. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.