Тоолуу-Бадахшан жана Кичи-Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гумжардам жөнөтүлдү

Окуялар тизмеги 22 Июн 2020 13:38
0 ой-пикир

Кыргыз өкмөтү 21-июнда Тажикстан жана Афганистанда жашаган этникалык кыргыздарга гумжардам жөнөтүлдү.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан облусунун Мургаб районуна 100 тонна биринчи сорттогу буудай, 2 миң даана жууркан, 250 куту тазалык каражаттары, Лахш (Жергетал) районуна 100 тонна биринчи сорттогу буудай уну, 2 миң даана жууркан 300 куту тазалык каражаттары жөнөтүлдү.

Афганистандын Кичи-Памиринде жашап жаткан этникалык кыргыздарга 12,5 тонна биринчи сорттогу буудай уну, 500 даана жууркан, 100 куту тазалык каражаттары, 5 тонна жергиликтүү күрүч, 1250 литр өсүмдүк майы, 10 куту дары-дармектер. Чоң-Памирликтерге да ушундай гумжардам жиберилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.