Ошто атайын даярдыктан өткөн террорист кармалды. Ал Сирияда согушуп жүргөн

Окуялар тизмеги 22 Июн 2020 11:20
0 ой-пикир

Ош шаарында эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) мүчөсү кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, буга чейин 31 жаштагы Т.Н. аттуу жаранга карата Кылмыш жаза кодексинин 395-беренесинин 2-бөлүмү («Жалдануучулук») боюнча иш козголгон.

«Кармалган киши 2014-2017-жылдар аралыгында Сириянын аймагында болгон. Ал убакта Сирия Араб Республикасынын өкмөтүнүн аскерлерине каршы ЭТУ катарында куралдуу жаңжалдарга катышып келген. Соттук териштирүүнүн материалдары жана Ош шаардык сотунун чечими менен анын жашаган жеринде санкцияланган тинтүү жүргүзүлүп, кандайдыр бир тыюу салынган буюмдар табылган жок», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам УКМКнын камак жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.