Кой-Таш окуясы. Кундуз Жолдубаевага прокурорлор жети берене менен айып тагышты

Окуялар тизмеги 22 Июн 2020 16:01
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүдө соттолуучуларга айыптарын угузуу уланууда.

Бүгүнкү отурумда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаевага прокурорлор жети берене менен айып тагышты:

1. Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу;

2. Кылмышты уюштуруу же анын аткарылышын жетектөө — адамдарды барымтага алуу же кармоо;

3. Кылмышты уюштуруу же анын аткарылышын жетектөө — массалык баш аламандык уюштуруу;

4. Адамдардын тобу менен көмүскө бүтүмгө келип, курал жана ок-дарыларды сактоону уюштуруу;

5. Көзөмөл органына карата анын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирген зомбулук колдонууну уюштуруу;

6. Тергөөчүнүн ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратуу, тактап айтканда сотко чейинки өндүрүшкө тоскоолдук жаратуу максатында тергөөчүнүн ишмердигине кийлигишүү;

7. Бийлик өкүлүнүн өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жараткан зомбулук көрсөтүү же аны колдонуу менен коркутуу.

Ал эми Жолдубаева айыптоолорду абсурд деп атады.

«Прокурорлордун ушундай абсурд айыптоосу – өлкөнү башкарып жаткан үй-бүлөлүк-кландык режим бийлигин жоготуп алуудан коркуп жатканын далилдейт. Кой-Таш окуясы бийликти сындаган кишилерди башкаларга көрсөтүү менен камчылап коюу болуп калды. Бүгүн соттук отурумда мага коюлган бардык айыптар — абсурд»,- деди Жолдубаева.

Эскерте кетсек, жалпысынан Кой-Таш окуясы боюнча 19 адамга айып тагылган. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

2019-жылы 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында, УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери каза болгон жана 200дөн ашык адам жабыркаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.