Москвадан Бишкекке 431 кыргызстандык учуп келди

Окуялар тизмеги 21 Июн 2020 16:57
0 ой-пикир

Бүгүн, 21-июнь күнү Москвадан Бишкекке 431 кыргызстандык жаран, анын ичинде кичинекей балдар кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, келе турган жарандардын тизмеси Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлеринен, кыргыз диаспорасынын, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Тандоо жарандардын кайрылууларынын, анын ичинде кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдардын, оор илдети бар адамдардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлгөн.

Учуп келген жарандардын баары тиешелүү түрдө обсервацияга жаткырылат.

«Чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда», — деп билдиришти министрликтен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.