Евробиримдик Россияга каршы санкцияларын дагы узартты

Аалам, Окуялар тизмеги 21 Июн 2020 10:22
0 ой-пикир

Европа Биримдиги Украинадагы куралдуу чатакка байланыштуу Россияга каршы киргизилген экономикалык санкцияларды дагы алты айга узартты.

19-июнда өткөн видео-конференцияда Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркел Биримдиктин мүчөлөрүнө маалымат берип, Москва тараптан Украина кризисин жөнгө салуу боюнча Минск келишиминин шарттарын аткарууда эч кандай кадам жасалбаганын белгилешти.

Москвага каршы бул санкциялар 2014-жылы Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алып, Украинада согушуп жаткан жикчилдерге аскердик жардам көргөзө баштаганда киргизилген.

Бул согуштук аракеттер андан бери 13 миңдей кишинин өмүрүн алды. Евробиримдик ошондон бери Москвага каршы экономикалык санкцияларды ар алты ай сайын узартып келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.