Боронов коронавируска каршы күрөштө мамкызматкерлерди мобилизациялоого чакырды

Окуялар тизмеги 21 Июн 2020 11:00
0 ой-пикир

Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкектеги жана Чүй облусундагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Анда облус, шаар, район жетекчилери коронавирус жайылган ар бир учур үчүн жоопкер экенин эскертти.

«Аппараттагы кызматкерлердин ар бирине бирден май куюучу жай, бирден соода түйүн, кафе-ресторан бекитип бергиле. “Ушуну сен карайсың, ушул жерде мыйзам бузуу болсо сен жооп бересиң” деп жоопкерчилик койгула. Мамлекеттик кызматкерлерди иштеткиле, мобилизация кылгыла», — дейт Өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов коронавирус көбөйгөнгө жол берген акимдердин ар биринин жеке жоопкерчилиги караларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 20-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2981 учур катталды. Алардын ичинен 546сы медицина кызматкери. Илдеттен 1981 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 35 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.