Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 20-июнга карата берген маалыматы боюнча, коронавирус илдети акыркы суткада дагы 192 адамдан жаңы аныкталды.
Алардын басымдуу бөлүгү борбор калаадан:
Бишкек шаарында – 94
Ош шаарында — 16
Ош облусунда — 14
Талас облусунда — 2
Ысык-Көл облусунда — 2
Чүй облусунда – 62
Нарын облусунда — 2 учур катталды.
Ушуну менен, Кыргызстанда 20-июнга карата жалпы коронавирус жуктургандардын саны 2981 адамга жетти.
Тилекке каршы, акыркы суткада вирус жуктуруп алган 3 бейтап каза тапты. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан кайтыш болгондордун саны 35ге жетти.
Бир сутка ичинде ооруканадан 20 бейтап сакайып чыгып кетти. Жалпы айыккандардын саны 1981 адам.