Арменияда экс-президент кепилдик менен камактан чыкты

Окуялар тизмеги 20 Июн 2020 19:50
0 ой-пикир

Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян 2 миллиард драм ( 4 млн. 100 миң доллар) өлчөмүндө кепилдик астында жума күнү камактан чыгарылды. Бул тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун армян кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 65 жаштагы Роберт Кочарянга бийликти басып алуу жана коррупциялык иштер боюнча күнөө коюлган. Мурдагы президентке 2008-жылдын мартындагы окуялар боюнча да айып тагылууда.

Анда Ереванда оппозициянын тарапташтарынын акциясын күч менен таратууда он адам каза болгон. Андагы каршылык акциясы президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкканда күчөгөн жана демонстранттар менен кошо өлкөнүн азыркы өкмөт башчысы Никол Пашинян да камакка алынган.

Роберт Кочарян 2018-жылы камакка алынган кезде жаңы бийликтин куугунтугуна кабылганын айткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.