Тажикстанда той өткөрүүгө уруксат берилди

Окуялар тизмеги 18 Июн 2020 09:27
0 ой-пикир

Тажикстан бийлиги 20-июндан тарта 100дөн ашпаган кишинин катышуусунда үйлөнүү үлпөт өткөрүүгө уруксат берди.

Тойду үйдө, ресторанда берүүгө болот.

Тажикстандын Дин жана салт-санааларды жөнгө салуу комитети коронавирус эпидемиясына байланыштуу 25-майда той-ашка тыюу салган. Мекеме Рамазан айы бүткөндөн бери үйлөнүү үлпөт өткөрүүгө уруксат берүүнү сурагандар көп болуп жатканын белгиледи.

17-июнда COVID-19дун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штаб той өткөрүүгө уруксат берип, акырындык менен эл аралык учуулар жандана турганын маалымдады. Маселен, 1-июлдан баштап Өзбекстан жана Дубайга учактар каттай баштайт. Бирок жүргүнчүлөр алдын ала коронавируска тест тапшырышы керек болот.

15-июндан бери базарлар, дүкөндөр, мейманканалар иштеп жатат.

Тажикстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 5221 кишиге жетип, 51 бейтап каза болду. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.