Президент Назарбаевдин саламаттыгынан кабар алды

Окуялар тизмеги 18 Июн 2020 19:17
0 ой-пикир

Бүгүн, 18-июнда, президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге тез арада толугу менен сакайып кетишин каалады. Кыргызстан президенти ак ниет коңшулукка, стратегиялык өнөктөштүккө жана шериктештикке негизделген кыргыз-казак кызматташтыгынын өнүгүшүнө Нурсултан Назарбаевдин кошкон салымын өзгөчө баса белгиледи.

Ошондой эле тараптар эки өлкө коронавирус инфекциясынын кесепеттерин жарандардын өмүрү менен саламаттыгын коргоого багытталган бергелешкен күч-аракеттер жана ошондой эле эки мамлекеттин экономикасын колдоо менен гана жеңип чыгарын белгилешти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.