Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Айдос Укибай билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазды.
“Учурда Казакстандын биринчи президенти обочолонгон. Тилекке каршы анын акыркы тести оору бар экенин көрсөттү”, — деп жазган Айдос Укибай өзүнүн Twitter’деги баракчасына.
Анын айтымында, тынчсызданууга себеп жок.
“Нурсултан Назарбаев аралыктан иштөөнү улантууда”, — деген ал.