Коронавирус каада-салттарды өзгөртүүдө. Тойлор да болбой калабы?

Аналитика, Окуялар тизмеги 17 Июн 2020 18:08
0 ой-пикир

Кыргызстанда күн сайын COVID-19 вирусун жугузгандардын саны өсүүдө. Өзгөчө Бишкекте ооругандардын саны көбөйдү. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов борбордогу эпидемиологиялык абал тууралуу мэриянын жетекчилиги менен жыйын өткөргөн маалда карантиндик чаралар күчөтүлүшү мүмкүн экенин айтты.

“Күн сайын вирусту жугузгандардын саны көбөйүүдө, алардын көбү инфекциянын булагын билишпейт. Экономиканын бардык тармактарында иштин жанданганына байланыштуу коомдук транспорт, ири базарлар, соода аянттары иштеп жатат, шаарда вирус бар, абалды көзөмөлдөн чыгарып алышыбыз мүмкүн. Абалды турукташтырууга багытталган чараларды көрүшүбүз керек, иш ыкмаларын алмаштыруубуз зарыл”,-деди аткаминер.

Биринчи вице-премьер-министр кварталдарды карагандардын жана муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчилеринин ишин активдештирүү керектигин белгиледи, алар вирустун белгилери бар жарандарды аныктап, санитардык эрежелердин сакталуусуна чакырышы керектигин белгиледи.

Бирок албетте айрым учурларда аша чаап кеткендик да болууда. Kaktus.media редакциясына борбордогу рестораторлор тобу арыз менен кайрылышкан, алар текшерүү органдары айрым учурларда абалды териштирбей эле айып пул салып жатышканын билдиришкен. Мисалы, бир столдо үч кишиден турган үй-бүлө отуруп, 1,5 метр аралык сакталбай калып жатса ал жайга айып пул салынууда. Дүйнө жүзүндө бир үй-бүлө мүчөлөрү аралыкты сакташпайт да. Себеби алар үйүндө деле жакын болуп, бир идиш-аяк менен колдонушат.

Же башка мисал. Рестораторлор 50 адам деген норманы кандай түшүнсө болот деп баштары маң. Текшерүүчүлөр аны 50 орун деп санап жаткан маалда тамактануучу жайлардын ээлери бир учурда 50 адамдын болуусу деп түшүнүүдө. Натыйжада авторлор ансыз деле пандемиядан жабыркаган бизнести мамлекет дагы да кысып, жок кылууга бара жатканын билдиришкен.

Азыр дүйнө жүзү коронавирус менен жашоого үйрөнүүдө, азырынча башка жол жок. Көпчүлүк өлкөлөрдө, өзгөчө Европа мамлекеттеринде Өкмөттөр жаңы эрежелер дайыма колдонууда болуп калышы мүмкүн экенин белгилешүүдө. Мисалы, аралыкты сактоо, мектептердеги онлайн-окутуу.

Эгерде ушундай болсо кыргызстандыктарга жеңил болбойт. Себеби биз тойлогонду жакшы көргөн элбиз. 300-500 конокту 1,5 метр аралыкты сактап отургузуу банкет залдарына ылайык келбейт.

Кыргызстандыктар той үчүн ден-соолугуна дагы кайдыгер карайт. Кубатбек Боронов республикалык штабдын жетекчиси катары ага тойлорго уруксат берүүнү суранып “сыйлуу эле адамдар” кайрылып жатканын айтты. Бирок азырынча тойго расмий уруксат бериле элек.

Elgezit.kg редакциясы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.