Абылгазиевдин доору бүттүбү?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 16 Июн 2020 16:01
0 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн

Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетти. Ал Өкмөттү эки жылдан көбүрөөк башкарды. Кыргыз саясатында премьерлердин көбү кызматында бир жылга жакын эле кармалышчу, муну эске алганда, Абылгазиевдин кызматтагы өмүрү узагыраак болду.

Негизи мындай деңгээлдеги аткаминер кызматтан кеткенде анын ишмердүүлүгү талкууланып, кандай иштери менен эсте калганы эске салынат. Абылгазиев тууралуу айта турган болсок бажагейттен башка иши эске түшпөй жатат.

Анын негизги артыкчылыгы коомчулукка ачык болбогону болду. Эки жылда Абылгазиев бир да жолу журналисттер менен жолугушкан жок, бир дагы маалымат жыйынын бербеди, камерага бир дагы билдирүү жасаган жок.

Аткаруу бийлигинде ишин мыкты аткарса анын ММК менен кызматташууну каалабагандыгы кечиримдүү болмок. Бирок Мухаммедкалый Абылгазиев мактана турчу иши деле жок. Эч кандай улуттук долбоорлор ишке ашкан жок, экономикалык өсүш, калктын жашоосунун жакшыруусу же жакырчылыктын деңгээлинин төмөндөөсү байкалган жок.

Кыргызстандын саясий ашканасын билгендер Абылгазиев элиталар арасындагы топтордун кызыкчылыгын колдоп келгендиктен кызматында көпкө кармалды деп келишет.

Бирок акыркы убакта экс-премьердин жылдызы жанбай калган.

Абылгазиев кызматтан кетери тууралуу ушактар апрель айынын аягында көп айтыла баштаган. Президентке министрлер кабинетинин башчысынын жакшы иштебей жатканы тууралуу маалыматтар жетип, өлкө башчы Абылгазиев суранганына карабастан он күндөн ашуун убакытка чейин аны кабыл албай койгонун айтышууда.

Мамлекет башчысынын мындай мамилеси аппараттын тили менен айтканда карьераңдын бүткөнү дегенди билдирет. Бирок Абылгазиев кетердин алдында аппаратка дасторкон жайып, коштошуу кечесин өткөргөндө президенттин кабылдамасынан чалышып, жолугушуу болгону айтылууда. Абылгазиев Сооронбай Жээнбеков менен үч сааттан ашык баарлашыптыр.

Мыйзам боюнча депутаттар Өкмөттү шайлоого жарым жыл калганга чейин отставкага кетире алышат. Ошондуктан Абылгазиев парламенттин ишенбөөчүлүк көрсөтүүсүнө “илинбей” калды. Бирок ошондо эле бир нече кылмыш иштери ачылганын жана анын көлөкөсү Абылгазиевге тийерин билген.

Жыштыктарды сатуудагы коррупциялык иштерди иликтөө учурунда кыска мөөнөттүү өргүүгө кеткени эле утулганынан кабар берген. Биринчиден, бизде коррупциялык иштер көпкө иликтенет. Эки жумадан же бир айдан ашуун. Ошондуктан премьердин шылтоосуна эч ким ишенген жок. Экинчиден, Абылгазиевдин иш ордунда жок болгону анын ордун басчулар бар экенин көрсөттү. Себеби өлкө анын иш ордунда жоктугун сезген деле сезген жок.

Кыскасы, Абылгазиевдин кызматтан кеткени кадимки көрүнүштөй эле кабыл алынды. Кетиптир, а мейли дегендей эле болду.

Бирок Абылгазиев премьерлик кызматтан кетүү менен саясаттан кетти деп айтууга болбойт. Бир нече жумадан кийин Мухаммедкалый Абылгазиев бийликчил партиянын катарында, жада калса лидер катары чыгат деген сөздөр да жок эмес.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.