Бишкекте өрттөн бир адам каза тапты

Окуялар тизмеги 15 Июн 2020 17:27
0 ой-пикир

Бүгүн Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсүндө чыккан өрттөн бир адам каза болду.

«Өрт чыккан боюнча маалымат саат 15:48де келип түшүп, тилсиз жоого каршы бир бригада жөнөп кеткен. Саат 16:45те чектөөгө алынды, өрттүн кесепетинен бир адам каза болду. Азыр ким экендиги такталып жатат», — деп айтылат Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган маалыматта.

Учурда өрттү толук өчүрүү үчүн учурда ал жерде ӨКМ кызматкерлери иштеп жаткандыгы кошумчаланды. 

Эске салсак, буга чейин 6-микрорайондогу Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан имараттагы тандырдын күйүп жаткандыгы айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.