Саламдашпай сөз баштабайт. Президенттен өзгөчө саламдашуу — фото

Окуялар тизмеги 14 Июн 2020 16:02
0 ой-пикир

Адамды адам көргөндө баарлашып, саламдашкан эзелтеден бери келаткан салт болуп саналат. Өзүңдөн улуу адам менен учурашпай коюуу – уят. Күндөгү эле биз пайдаланып жүргөн саламдашуу: «Саламатсыңарбы?, Кандайсыз», «Ден соолугуңуз кандай?» , «Арыбаңыздар» деп күнүгө учурашабыз.

Бирок, ушул тапта коронавирустан улам кол алышып, кучакташып, өбүшүп учурашкан саламдашууга болбойт. Өпкөнү жабыркаткан вирусту жуктуруп алуудан чочулагандар кол алышпай, айрымдары учурашуунун башка жолдорун издеп жаткан кез.

Мындай шарттарда президент Сооронбай Жээнбековдун жеке фотографы Султан Досалиев мамлекет башчынынын эл менен кандайча учурашып жаткан сүрөттөрүн жарыялады.

Анда Жээнбеков адамдар менен кол алышып эмес, муштум тийгизип гана учурашып жатканын көрүүгө болот.

Сооронбай Жээнбеков №1 учактын командири менен саламдашууда
Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Араван районунун дыйкандары менен учурашууда

Сүрөт: Султан Досалиев

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.