Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Окуялар тизмеги 12 Июн 2020 17:24
0 ой-пикир

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна 14 талапкер, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын административдик сотторуна 2 талапкер жана Бишкек шаардык сотуна 1 талапкер болуп, жалпы 17 талапкер боюнча соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо сунуштары келип түшкөн. Президент Сооронбай Жээнбеков судьялык кызматка 16 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берген.

Мамлекет башчы тарабынан 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 16 талапкер боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Жарлыктар чыгарылды.

Тандалып алынган 16 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, жергиликтүү сотторго судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

— Бишкек шаардык сотуна

Каримова Рахат Абдылдаевна.

— Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна:

Барыктабасова Эльмира Бектургановна;

Жумабаева Жылдыз Кабыловна;

Жумадылов Сыргак Каныбекович;

Ибраева Чынара Назарбековна;

Кадыркулова Таалайкүл Калыкбековна;

Касымбеков Кубанычбек Калыбекович;

Осмонов Феликс Ой-Талбекович;

Рыспекова Аниса Рыспековна;

Сейдакматова Аида Асанбековна;

Сыдыгалиев Бактыбек Арленович.

Жоошбеков Алмазбек Нарынкулович;

Сыдыкова Жылдыз Акбаралиевна;

Темирбекова Аида Абдрахмановна.

— Чүй облусунун административдик сотуна:

Ахметова Айнура.

— Бишкек шаардык административдик сотуна:

Алымкулов Айдарбек Бекишович.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.