Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленская коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу ал 12-июнда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал өзүнөн коронавирус табылганы күтүүсүз болгонун, жолдошу менен балдарынын анализи таза чыкканын билдирди.
Украин президентинин кеңсеси Елена Зеленская үй-бүлөсүнөн обочодо дарылана баштаганын, маал-маалы менен коронавируска тесттен өтүп келгенин, июнь айынын башындагы анализинен вирус табылганын маалымдады.
Украинанын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 12-июнга карата өлкөдө өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны 29 753 адамга жетти. Алардын 870и кайтыш болду.