Клара Сооронкулова: «Чоң Казат» ушул тапта эбегейсиз байып жаткандарды неге айтпайт?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 12 Июн 2020 14:49
4 ой-пикир

Кечээ эле Кыргызстан 2010-жылдын 10-июнунда болуп өткөн, бүтүндөй өлкөнү каргашалуу күндөргө кабылтып, калың элге кан жуткурган окуялардын 10 жылдыгын эскерди. Көптөгөн үй-бүлөлөр жакындарын жоготту, көкүрөк жарааты дагы деле айыга элек. Ошол кандуу окуялар боюнча сот иштери ушул күндөрү да уланып келе жатат.

Жарандык кагылышууларга алып келген окуялар эмнеден башталгандыгына терең үңүлсөк, алар дагы өз кызыкчылыгын көздөгөн топтордун мыйзамсыз чакырыгынан башталган. Ошондой чакырыктардын акыры келип жүздөгөн бейкүнөө өмүрлөрдү алып, Кыргызстанды бүлгүнгө учуратты. Азыркы учурдагы «Чоң Казат» кыймылынын лидери, мурдагы прокурор Сыймык Жапыкеевдин чакырыктары да адамдарды мыйзамсыз жолго үндөп жатат. Ал 3-4 адамдын атын атап, “он миң адам менен алардын үйлөрүнө барабыз, кустурабыз” дегендин өзү элди жалпы талоончулукка чакыруу эмеспи?!

«Чоң Казаттын» мындай чакырыктарына Конституциялык соттун мурдагы судьясы, белгилүү юрист Клара Сооронкулова төмөнкүчө түшүндүрмө берди:

«Мен бул боюнча пикиримди буга чейин да айттым эле. Эгер алардын чакырыктарынын артында аракеттер турса, анда чакырыктар мыйзамсыз жана кылмыш катары бааланышы мүмкүн. Бул чакырыктар кимдир бирөөлөрдү кылмыштуу аракеттерге түртүп, чакырык жасап жаткан адамдын ошондой максаты болуп, адамдарды чогултуу менен  кылмыштуу аракеттерге жеткирүүнү көздөсө, анда ал мыйзамсыз. Менде ал чакырыктардын артында ушундай аракеттер барбы, же алар жөн эле пиар катары ошондой иштерге барышканбы деген суроо жаралып жатат. Алар жаңы кыймылды, жаңы партияны элге таанытыш үчүн, анын популярдуулугун көтөрүш үчүн элге жага турган теманы тандап алышты деп ойлойм. Анткени адамдардын ортосундагы эң күчтүү карама-каршылык байлар менен жакырлардын ортосунда болот да. Тарыхта деле ушундай көрүнүш бар. Ошондой карама-каршылыктардын айынан революциялар да келип чыгып жатпайбы. Ушундай карама-каршылыкты Сыймык туура колдонуп, кыска убакытта эле ушул теманы коомчулуктун назарына илип койду.

Бирок мындай чакырыктардын өзү опурталдуу. Себеби эч кандай күнөөсү жок, таза иштеген адамдарга деле алардын залакасы тийип калышы мүмкүн. Ошондуктан депутат Кубанычбек Жумалиев бизнесинин таза экендигин, тигилер айткандай миллиардаган доллары жок экендигин далилдеп жатпайбы! Болгон оокатынын бардыгын мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин тапкандыгын, мамлекеттик кызматта жүргөндө менчиктештирүүгө катышпагандыгын айтып,  юристтер документтер менен далилдеп коюшту.

Эң опурталдуусу, тигилердин чакырыгы азыр кыйналып, ачка болуп турган адамдардын кулагына майдай жагып жатат да. Эми ушунун негизинде кайсы бир күчтөр жыйналып, кандайдыр бир туура эмес кадамдар болуп кетиши мүмкүн. Биз андай чакырыктар менен кадамдардын арты кандай болорун 2010-жылы көрбөдүкпү. Эгерде ошол 2010-жылдагы окуялардан кийин коом өзгөрүп, өлкө өнүгүп кетсе, анда чын эле революция болду демекпиз. Андан бери он жыл өттү, биз эч нерсеге жетишкен жокпуз.

Ошол кезде курман болгон сексенден ашык баланын өмүрү жөн эле кыйылып кетти десек болот. Алардан башка жүздөгөн адамдар жабыркап, мародерлуктан айынан канчалаган бизнесмендердин мүлкү талоонго учурады. Ушулардын бардыгын, дегеле тарыхыбызда болгон окуяларды дайыма эске тутуп, алардан сабак алып жүрүшүбүз керек.

Чоң казатчылар коррупция тууралуу системалуу айтып, иш алып барышса болмок. Себеби ушундай иштерди алып бара турган механизмдер бар. Болгону ошол механизмдерди иштете турган адам жок, саясый эрк жок. Анан эле булар үч кишини сууруп алып жатышканын кандай түшүнсө болот? Чындап келсе андай адамдар азыр көп да. Мыйзамсыз байыгандар аябай көп да, ошолордун ичинен Жогорку Кеңеште отургандары да бир топ. Алардын бардыгына бирдей мамиле кылалы,  момундай механизмдер бар, ошол механизмдерди эмне үчүн Президент иштетпейт? Себеби, укук коргоо, коопсуздук органдарын башкаруу президенттин колунда да. Демек, ошо колдо бар механизмдерди эмне үчүн иштетпейт деп чакырык таштаса, «Чоң Казатты» мен деле колдойт болчумун. А мен булардын арты кандай болорун билип туруп, кандай гана күрөш болбосун ал мыйзамдын алкагында болуш керек дедим. Алардын тарапташтары “Сооронкулова мыйзам эле мыйзам дей берет, кайдагы бир иштебеген мыйзамды айтат”деп жатышпайбы. А мыйзам деген өзүнөн өзү иштебейт, мыйзамдарды адамдар иштетет да.

Демек, «Чоң Казат» кыймылы эптеп эле элдин көңүлүн буруп, анын арты менен шайлоого катышууну көздөп жатышкан турбайбы?

Мен ошондой бааладым, ансыз деле билинип калбадыбы. Себеби алар өздөрүн саясый партиябыз, шайлоого катышабыз деп жатышпайбы. Бир жагынан алардын саясый партия экендигин мурда эле билчүмүн. Чоң Казаттын лидерлери Турат Аким, Максат Мамытканов да мен сыйлаган адамдар. Бирок алардын ушундай кадамын туура көргөн жокмун. Анткени туура эмес реакция кетти. Көптөгөн адамдар “буларды колдош керек!”, “кустуруш керек!”, “талкалаш керек!” деп чыгышпадыбы! Анан Бешинчи каналдан мен “эл топтолуп келип калышса эмне кыласыңар?” десем, Жаркынбек Касымбеков  “Эл топтолуп келди. “Жүргүлө, силер турабыз дебедиңер беле?” деп келишти. Биз элге бардык нерсе мыйзамдуу болуш керек деп айттык”деди. Ошон үчүн булардын кыймылы түшүнүксүз.

Дагы бир жагы, булардын чакырыгынын аркасы менен Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү текшерилип калды. Бирок эмне үчүн бир гана Жумалиев текшерилиши керек? А Жумалиев болсо болгон мүлкү кредиттердин аркасы менен болгонун көрсөтүп, далилдеп койбодубу. Азыр дагы көп кредити бар экен.

А мамлекеттен ушул күндөрү жөн эле уурдап жаткандар канча? Биздин спикердин “эбегейсиз” деген жакшы көргөн сөзү бар экен го, ошол айткандай ушул күндө эбегейсиз байып жаткандар арабызда толуп жатпайбы! Аларды көрүп эле жатпайбызбы! Эмне үчүн алар ошончо адамдардын ичинен эки-үчөөнү сууруп алып, “жүргүлө, кустурабыз!” дегени түшүнүксүз болуп турат.

Демек, башка кызыкчылыктар барбы деген да ой кетип жатат…»

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

4 ой-пикир “Клара Сооронкулова: «Чоң Казат» ушул тапта эбегейсиз байып жаткандарды неге айтпайт?

  1. Турарбек

    Чон Казат туура эле кылып жатат. Бирок ага президент реакция кылбай жатпайбы. Ошон учун алар ушундай кадамга барып жатышат деп ойлойм.

  2. Садыков Даниярбек

    Мен чынын айтсам доконца окуган жокмун, скучно, баягы эле создор, аны баарыбыз билебиз, баш жагында Жумалиев байлыгынын анча эмес экенин, жумуштан кеткенден кийин таза жол менен чогултканын доказать этип койдуго деп жомок айтып жатат. Что за бред, тьфу…

  3. Алмаз

    Сооронкуловага менде суроо бар эгер эгебейсиз байыгандарды билип коруп жатсанар эмнеге айтып чыкпайсынар жээ сиз жащырып жатасынарго тааныш билгендеринерди.
    2-3 айтылган кишилерди текшерип баа берилсе анда майнап чыгат экен деп калганын айтатта, Сыймык деле айттыго калгандарын айта берсен жашаган квартирамды жардырып кетишет деп! Ошол 2-3 кишини тактап окмотко жегендерин токтурсо калганын айтатта! Жумалиев ошончолук таза болсо туугандарырда эмне байлыгы бар экенин айтмакта, жоок мага айтылган кунону мени текшерсин деп чырылдабайт эледа баарыбыз билебиз чондор жеген акчаларын тааныш туганына каттатып коюшат эгер туура эмес айтсам жооб берем созумо турам, эл билген бай депутаттардын декларациясын карасанар кедей кем багал болуп толтурушат!

  4. Нарынбек

    Ар бир айып тын артында кандайдыр бир кагаз турундо далил болуш керек, чоң казат андай далил бере алган жок. Жумалиев таза киши деген сөздөн алысмын бирок ошону далилдеп бериш керек «ар бир чоң байлыктын артында кылмыш бар» деген сөз бекеринен чыкпаса керек, чоң казат жөн эле сөз менен айтып атат ,далил болсо мен деле колдомокмун .

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.