Айрам аймактарды сел каптады. Үйлөр жана эгин талаалары зыянга учуроодо

Окуялар тизмеги 12 Июн 2020 12:11
0 ой-пикир

Кыргызстандагы соңку суткадага нөшөр жаандан айрым аймактарда сел жүрүп, эгин талаалары зыянга учурады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көл-Төр айыл аймагында жамгыр аралаш мөндүрдүн кесепетинен Көл-Төр айылында 23 гектар картошка, беш гектар арпа, төрт гектар буудай жана алты гектар беде чөбү айдалган талаалар зыян тартты. Үйлөрдү жана жолдорду суу каптаган жок.

Жети-Өгүз районунда сел өтүүчү каналдан ашкан суу Барскоон, Ак-Коргон жана Көк-Ой айылдарында жалпы 16 үйдүн короосун каптап, бир үйдүн сарайы жарактан чыккан. Сел суусу «Көк-Ой – Таш-Коо» каналынын 600 метр аралыгын кум шагылга толтуруп, сугат каналынын 50 метрин бузуп кеткен.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айыл аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен Саргата айылында 10 турак үйдүн сарайын, короолорун жана ички чарбалык унаа жолдун бир чакырымын сел суусу каптаган.

Баткен облусунун Лейлек районуна караштууКоргон айылында жаандан кийин кокту-колоттордон келген суу Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 327-331-чакырымдарын кум шагылга толтуруп, автоунаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан. Бүгүн жол толук тазаланып, ачылды.

Адам өмүрүнө зыян келтирилген учур катталган жок. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.