Судья Айбек Эрнис уулуну кызматтан кетирүү талабы менен петиция пайда болду

Окуялар тизмеги 09 Июн 2020 09:13
0 ой-пикир

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун кызматтан кетирүү боюнча социалдык тармактарда петиция жарыяланды. Учурда ага миңден ашык адам кол койду.

Петицияга кол койгондор судья 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жаткан адамды актап салды, сот тармагында иштөөгө укугу жок деп эсептешет.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова судья Айбек Эрнис уулу «Бишкек Парк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы кызды зордуктоо үчүн шек саналган 22 жаштагы жаранды коюп жибергендигин айтып чыккан. Аты аталган судья «кылмыштын курамы жок» деген негизде шектүүнү актаган. Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Жогорку сот бул кылмыш иши боюнча айыпталуучу үй камагында экенин жана прокуратуранын кассациялык арызынын негизинде кылмыш иши анын өндүрүшүндө экенин билдирген.

Жабырлануучунун кыздын апасы судьяны кызматтан алуусун өтүнүп президент Сооронбай Жээнбековго да кайрылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.