ВИДЕО: Сапар Исаков 18 жылга кесилди

Окуялар тизмеги 09 Июн 2020 15:45
0 ой-пикир

Бүгүн 9-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө тууралу иш боюнча соттун өкүмү чыкты. Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылды.

Сотко бул ишке шек саналган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков алып келинген жок. Ишти карап жаткан судья Исаковдун катын окуп берди. Анда ал мурдагы жараянда сот залынан чыгарылганын, азыр да сотко катышуудан баш тартаарын айткан. Териштирүүлөрдүн саясий өңүтү бардыгын жазган.

Мурда мамлекеттик айыптоочулар мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратууну жана зыяндын ордун толтуруу иретинде 247 млн сом төлөтүүнү суранган. Ал эми президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этностор аралык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаеваны Кылмыш кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесине боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айыппул салууну өтүнгөн.

Судья кеңешүүчү бөлмөдөн чыгып, өкүмдү окуду.

Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Кылмыш кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле сот 247 миллион 650 миң сом айыппул салды.

Ал эми президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этностор аралык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаеваны Кылмыш кодексинин 302-беренесинин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айыппул салды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.