Маалымат мейкиндигинде кастык кылган фактыларды калыс иликтөөгө чакырган кайрылуу кабыл алынды

Окуялар тизмеги 09 Июн 2020 08:48
0 ой-пикир

ЖМК ишмердигине кастык кылган фактыларды ыкчам, калыс иликтөөгө чакырган кайрылуу кабыл алынды. Кайрылуунун текстин толук жарыялайбыз.

«2020-жылы 7-июнда Талас шаарында “Үчүнчү канал” (“Третий канал”) телеканалынын кеӊсеси өрттөлдү. Эфирге чыгаруу техникасы толугу менен күйүп кетти. Келтирилген зыяндын жалпы өлчөмү 15 миӊ АКШ долларына чейин түзөт.

Талас облусунун ички иштер башкармалыгы билдиргендей, “имараттын терезеси сындырылып, ичине өрт алдыруучу суюктук куюлган бөтөлкө ыргытылган”.

Бул факт Кылмыштар жана жосундардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Редакциянын кеӊсесине өрттөөчү суюктук ыргытылгандыгы кара ниеттердин конкреттүү максатты – бүтүндөй телеканалдын мүлкүнө зыян келтирүүнү же толугу менен жок кылууну – көздөгөндүгүн билдирет. Жеке менчик ЖМК кеӊсесине кол салуу болду, эми укук сактоо органдары ыкчам тартипте ушул кылмышка тиешеси бар адамдардын баарын таап чыгууга тийиш.

Соӊку кездерде журналисттердин эркин жана тоскоолдуксуз иштөө мүмкүнчүлүгүнө эле эмес, өздөрүнүн коопсуздугуна, жеке менчик ЖМКлардын мүлкүнө да коркунуч келтирилген ушундай башка учурлар дагы болду.

Мисалы, 2020-жылы 3-мартта түнкүсүн белгисиз адамдар Бишкек шаарында темир торчосун жана кире бериштеги эшигин талкалап, “ПолитКлиника” редакциясына кирип, журналисттердин катуу дисктерин жана жазмаларын уурдап кетишкен. Бирок кымбат баалуу кеӊсе техникасына (ноутбуктарга, принтерлерге ж.б.у.с.) эч ким тийген эмес. Редакция Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге арыз менен кайрылып, видеокамерадагы жазмаларды берген. Бирок азыркы кезге чейин укук сактоо органдары кылмыш жасаган адамдары табуу үчүн зарыл тергөө иш-чараларын жүргүзгөн жок. Укук сактоо органдары эч кандай аракет жасабагандыгына байланыштуу 2020-жылы 13-майда “ПолитКлиника” медиасынын редакциясы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасына даттануу менен кайрылды.

Укук сактоо органдарынын мыйзамдуу чара көрбөй, атүгүл эч аракет жасабай койгондугу журналисттерге карата зомбулукка жана көз карандысыз ЖМКлардын ишмердигине кысым жасоого шыкак болору анык.

КР “Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө” мыйзамы кесиптик ишмердигин жүргүзүүсүнө байланыштуу журналисттерди опузалоого, аларга зордук кылууга, өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирүүгө тыюу салат.

Өлкө жетекчилерин жана ички иштер органдарын бул иштерди териштирип, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердигине кастык кылган бул фактыларды ыкчам, калыс, кылдат жана көз карандысыз иликтенишин камсыздоо үчүн ишти өзүӊүздөр көзөмөлгө алыӊыздар, күнөөлүү адамдарды жоопко тартыӊыздар деп чакырабыз».

«Институт Медиа Полиси» коомдук фонду

Журналистик иликтөөлөр фонду

КР Интерньюс өкүлчүлүгү

«Журналистер» коомдук бирикмеси

Kaktus.media редакциясы

ИА «24.kg»

Көз карандысыз журналисттер союзу

Govori TV

«ПолитКлиника» редакциясы

«Контент Медиа»

Жалил Сапаров

Динара Суймалиева, директор НФ МТРК «Мир»

«Медиа өнүгүү борбору» коомдук фондусу

Марат Токоев

Тамара Валиева

Авланбек Жумабаев

“Апрель” телеканалы

Тынымгүл Эшиева

ТРК Т медиа групп

Factcheck.kg

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.