Алексей Кравцов: Инфраструктура жана жакшы ооруканалар болбосо COVID-19 вирусун жеңүү кыйын болот

Аналитика, Интервью, Окуялар тизмеги 09 Июн 2020 18:45
0 ой-пикир

Бизге жаңы ооруканалар керек! Бул тууралуу «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин Инфекциялык көзөмөл боюнча республикалык борборунун адиси Алексей Кравцов билдирди. Журналист Елена Баялинова ага бир катар суроолорду берди.

— Биз обсервация үчүн акча төлөп жатабыз, жеке коргонуучу каражаттарды сатып алуудабыз, мындан кийин эмне болот? Биз Кыргызстандагы бул пандемиядан кандай сабак алышыбыз керек?

— Биринчиден, «Кыргызстандагы пандемия» — деген аныктама туура эмес. Пандемия дүйнөдө болууда, бизде болсо эпидемия жана биз пандемиянын бөлүгүбүз.

Коопсуздук жагынан алганда коргонуучу каражаттар менен маселени чече албайбыз. Биз дарылоо мекемелердин инфраструктурасына, коллективдүү коопсуздук чараларына көңүл буруп, жаңы клиникаларды куруп, азыркы ооруканаларды кайрадан уюштуруубуз керек. Мисалы, биздеги ооруканаларда бизге абдан зарыл болгон вентиляция системасы иштебейт, атайын бокстар жок, мунун баары замандын талабы.

Советтер Союзу мезгилинен калган саламаттыкты сактоо тармагындагы мурас менен жашай берүү болбойт. Ал маалда саламаттыкты сактоо тармагына канча салым болчу эле эсиңиздеби?

Медицина кызматкерлеринен бир нерсе талап кылыш үчүн алгач шарт түзүп берүү керек. Ал көп каражатты талап кылат, бизде айрым учурларда жөнөкөй эле скрепка, чүпүрөк таппай калган учурлар бар, бүгүн медицина кызматкерлери халаттарын өздөрү жуушат…

Бул абалды оңдосо болобу же дагы деле бизде акча жок деп отурабызбы?

— Баарын оңдосо болот, бирок уурдабаш керек. Ошондо гана тартип болуп, иш эффективдүү болот.

Инфраструктура жана жакшы клиникалар жок болсо жыйынтык жакшы болот деп айтуу кыйын. Баардыгы жаңыланууга муктаж. Реформалоонун алкагында өткөрүлгөн оптимизация врачтардын жана орто кызматкерлердин санын азайтууга алып келди, ал эми элдин саны өсүүдө. Демек, медицина кызматкерлерине күч келип жатат, мындай болбошу керек эле, себеби оордук болгон учурда адам баласы милдеттерин мыкты аткара албай калат.

— Кадрлардын даярдыгына келсек, жер-жерлерден эмнени көрдүңүз, баардыгы баарын билишет бекен?

— Албетте, баары эмес. Айрымдар коргонуучу каражаттарды алышыптыр дагы, бирок аны кандай колдонууну билишпейт экен. Бул демек сиз унаа айдаганды үйрөнгөнү келип, бир нече айдан кийин унаалар көп кезде шаардын борборуна чыгарып А пунктунан Б пунктуна чейин унаа айдап барыңыз дегенге окшош. Анын эч кандай кыйынчылыктарга учурабай жетүүсү кыйын болот!

Биздин медиктер Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча республикалык борборунда советтер мезгилиндегидей үлгүдөгү чумага каршы костюмдардын жардамы менен окуудан өтүшкөн… бул жоктон көрө жогору деңизчи… Бирок ар бир медкызматкер костюмдарды кийип чечип көргөнү да факт эмес. Айрым учурларда окуу көргөзүү менен гана өтчү.

— Жер-жерлердеги медиктердин абалы кандай, себеби алардын айрымдары COVID-19 менен ооруп жатпайбы, азыр айрымдары мурунку жумушуна кайтуу керекпи же жокпу деп ойлонуп жатышат деген кептер чыгууда…

— Ооба ушундай да учурлар бар. Себеби алардын эмгеги туура бааланат деген мисалдар азыр аз болууда. Себеби кошумча төлөм алардан мурда үч комиссиядан өтүү керек, маалыматтын тактыгын текшериш керек ж.б.

— Демек, коронавирус менен ооругандардын саны акырындан өсө берет десек болот экен, анткени эпидемия бир саатта эле токтоп калбайт да?

— Эпидемиялык процесс жүрүп жатат жана ал эч кайда жоголбойт. Аба аркылуу жуккан инфекция тез жайылган инфекциялардын катарында, аны атайын инфекция жуктуруу жана иммунизация жолу менен эле кармап калууга мүмкүн. Балким, жаштарды камап кереги жок болчу, себеби алардын иммунитети күчтүү жана инфекцияны бир аз алсыздандырмак.

Калктын 70-80 пайызы ооруп, коллективдик иммунитет пайда болмоюнча бул инфекция маал-маалы менен кармап, айрым аймактарда оору күч алып турат. Диагностиканы жакшыртышса картина дагы бир аз ачык болот. Оору белгиси чыгып катталгандардын санын аз дегенде онго көбөйтүү керек, ошондо гана чыныгы абалды сүрөттөгөн болобуз.

Бул оорудан каза болгондордун саны өлкөдө 1 пайызга барабар. Адамдар COVID-19 менен ооруп каза болушууда, бирок алардын саны көп эмес. Бирок  ар бир жашоо биз үчүн маанилүү экенин белгилеп кетейин. Ошол эле маалда инсульттан жана башка оорулардан канча адам каза болду?!

Эпидемиологияда толкун деген түшүнүк жок, “жогорулоо” деген түшүнүк бар. Коронавирустар мурунтан эле бар болчу жана дүйнөдө сүт эмүүчү жаныбарлар арасында жайылып келген. Адамдарда пайда болгон вирус анын бир түрү жана ал өзгөрүп отуруп адамдан адамга жугуучу инфекция болуп чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.