Коронавирус жуккан 23 адам жаңы катталды, бир бейтап кайтыш болду

Окуялар тизмеги 09 Июн 2020 10:09
0 ой-пикир

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 23 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 9-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Оору жуккандардын эң көбү Бишкекте катталды — 6 адам. Мындан тышкары Ош облусунда үч, Ош шаарында төрт, Чүй облусунда эки, Жалал-Абад облусунда үч, Ысык-Көл облусунда төрт жана Нарын облусунда бир адам катталды.

Бир суткада 27 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Ошол эле учурда Ошто дарыланып жаткан 47 жаштагы коронавирус жуккан бейтап каза тапты.

Жалпысынан 18-марттан 9-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2055 адамдан табылды, алардын ичинен 24 бейтап кайтыш болду, 1483 бейтап айыгып чыкты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.