Соттун алдында Атамбаевге каршы митинг өтүүдө

Окуялар тизмеги 08 Июн 2020 12:18
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш иши боюнча отурум өтүүдө. Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Отурум айыпталуучулар Шаманов менен Капарбек уулунун жактоочусу Сыдыгалиев, айыпталуучу Карыпбек уулунун жактоочусу Сатыбалдиев жана айыпталуучу Атамбаевдин жактоочулары Жоошев менен Слесаревдин келбегендигине байланыштуу 15-июнга жылдырылды.

Ал эми соттун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы митинг өтүүдө. Акциянын катышуучулары «Алмазбек Атамбаев командасы менен камалсын!», «Карызды төлөсүн!», «Уурулар камалсын!» , «Атамбаев өлкөнү карызга белчеден баткандырганы үчүн жооп бериш керек!» деп кыйкырып турушат.

Соттун жанында Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандардын жакындары да турушат. Алар митинг «шектүүлөргө психологиялык басым жасоо үчүн атайлап уюштурулган» деп эсептешет.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.