Прокурор блогер Сыдымановду 6 жылга эркинен ажыратууну сунуштады

Окуялар тизмеги 08 Июн 2020 18:31
0 ой-пикир

Аймак аралык кастыкты козуткан деп айыпталып жаткан блогер Элмирбек Сыдымановдун иши боюнча кошумча комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертиза дайындалды.

Бул тууралуу анын адвокаты Али Магеев ЖМКга билдирди.

Бүгүн, 8-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Сыдымановдун иши акырына чыгып, өкүм угузулмак. Прокурор аны 6 жылга эркинен ажыратуу жазасын сураган.

Бирок сот адвокаттын өтүнүчүн жарым-жартылай орундатып, комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертиза дайындады. Экспертиза жыйынтыгына чейин ал үй камагында болот.

Эске сала кетсек, блогер быйыл 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган. Бул берененин негизинде адам жети жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал буга чейин өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.